Марал Радиосу

Төрөбаев Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Анда тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, калктын аялуу катмарын колдоо долбоорлорун ишке ашыруу, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Бишкек шаарында 8-апрелде өтө турган «Кыргыз Республикасынын энергетикалык секторун трансформациялоо» форумуна даярдык көрүү маселелери да каралды.