Марал Радиосу

Аскарбеков: Кумарканаларды ачуу туура кадам, эмоцияга алдырбашыбыз керек

Биздин коомчулук социалдык-экономикалык маселелерди эмоция менен кабыл алып жатат, бул туура эмес. Мындай пикирин жарандык активист Мавлян Аскарбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик деңгээлдеги чечимдер кабыл алынып жатканда таразада жүз миң адамдын тагдыры турушу мүмкүн. Ошондой эле кумарканалар иштеп жаткан дүйнө мамлекеттеринде да толгон-токой социалдык көйгөй бар. Кумарканалар аркылуу жумуш орундар түзүлүп, жарандардын жашоо-шарты оңолот.

«Биз бүгүн өтө оор кырдаалда турабыз. Мамлекет тез аранын ичинде жумуш орундарды түзүп, экономиканы көтөрүшү керек. Себеби акыркы 15 жылда геосаясий кырдаалга байланыштуу көптөгөн мамлекет жок болуп кетти. Ушундай оор абалда жарандарыбыз «бул арам», «кумаркананын айынан тууганым, таанышым кайтыш болуп калды эле» деп жатышат. Чоң маселелени эмоциялык деңгээлге түшүрбөшүбүз керек», — деди ал.

Аскарбеков кумарканалар жабылгандан кийин деле кумарга көз каранды жарандар оюнун жашыруун улантканын айтты.