Эртең, 1-апрелде өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Бишкекте күн ачык болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +20…+22 градус болот.