Марал Радиосу

Президент Бакыт Төрөбаевди кызматка дайындады

Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ошондой эле ал мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулду.

Жакышев Төрөбаевге: Сиз татыктуулардын татыктуусусуз

30-мартта Жогорку Кеңеште Төрөбаевдин талапкерлиги талкууланып, 68 депутат колдогон. Төрөбаев экономиканын реалдуу секторун көзөмөлдөйт.

Ал 2021-жылдан бери «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, көпчүлүк коалициянын жетекчиси болуп турду.