Быйыл дыйкан жана фермерлерди колдоо максатында насыя катары 10 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Насыя «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында, азык-түлүк болуучу өндүрүмдүн 9 түрүн өндүргөн фермер-дыйкандарга берилет. Мындан тышкары быйылкы жылдын эсебинен жалпы 35 млрд сом бөлүү Министрлер кабинетинде каралып жатат. Бирок ири чарба ээлери насыянын суммасы тоскоолдук жаратып жатканын айтышууда.
Жашылча-жемиш өстүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген «Бай элим» компаниясынын жетекчиси Рыскүл Акимжанова насыя алууда бир топ чектөө болуп жатканын айтып, ири дыйкан-фермерлерге көбүрөөк акча зарылдыгын жүйө келтирди.
«Эми бул дыйкандарга көбүрөөк жетсин деген чара болсо керек. Бирок, бизге окшогон чоң компанияларга азыраак болуп калат. Себеби экспортко көп чыгабыз да, өндүрүлгөн көлөм чоң. Анан ушундай чоң компанияларга өзүнчө токтом менен башка жолдорун карап берсе болмок. Бирок бардыгын бир эле токтомго киргизип коюптур».
Насыянын жылдык алымы 6%ды түзөт. Министрлер кабинети кабыл алган токтомдо жылдык жүгүртүүсү миллион сомдон ашкан фермердик чарбаларга күрөө менен 36 айга 5 миллион сомго чейин насыя берилери айтылган.
Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашевдин айтымында, Каржы министрлиги эки мамлекеттик: «Айыл Банкка» жана «РСК Банкка» 10 млрд сом бөлөт. Анын шарттарын мындайча түшүндүрдү.
«10 млрд сомдун ичинен 1 млрд сом лизингге бөлүнөт. Лизингдин ичинен 50%ы асыл тукум мал сатып алууга, 50%ы айыл чарба шаймандарын жана тамчылатып сугаруу системасын сатып алууга жумшалат. Бул — биринчиси. Экинчиси, 5 млрд сом фермерлерге бөлүнөт. Алардын ичинен 2 категория каралган. Биринчи категориясы 300 миң сомго чейин күрөөсүз алса болот, экинчи категориясы 500 миң сомго чейин, бирок күрөө коюлат».
Былтыр Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн кластердик механизмге өтүүнү демилгелеген. Анын негизинде долбоордо 9 азыктын: сүт, эт, кант кызылчасы, жумуртка, жер-жемиш, картошка, суу май жана дан эгиндеринин тизмеси бекитилген.
Айыл чарба министринин кеңешчиси Уран Чекирбаевдин айтымында, ар бир кластерге 1 млрд сомдон бөлүнөт. Анын ичинде дыйкандар да бар.
«Ар бир кластерге 1 млрд сомдон бөлсөк, анын ичинен 55%ын, тагыраагы, 550 млн сомду дыйкандарга бөлөбүз, калган 450 млн сому агрегаторлорго же кайра иштетүүчү ири ишканаларга берилет. Ал эми лизингди болсо, 1 млрд сомдун 50%ын техника сатып алууга жумшайбыз. «Айыл Банк» азыр деле бөлүп жатат, ошону улантуу максатында 1 млрд сом кошумча берип жатабыз. Мындан сырткары дагы 500 млн сомго асыл тукум мал сатып келип, лизингге берели деген ниетибиз бар».
Учурда Кыргызстан Орусия менен 4 миллиард 250 миллион сом лизингге айыл чарба техникаларын жана асыл тукум мал сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Мурунку Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев дыйкандарга түзүлүп жаткан шарттар боюнча министрликтин кадамдарын оң баалады. Бирок, ал бул аракеттер жетишсиз деген ойдо.
«Бул эми кредиттик механизм болуп жатат. Жалпы айыл чарбаны өнүктүрүү максатында кредиттен тышкары ссудалар, гранттар, лизингдер сыяктуу каржы куралдары болушу мүмкүн. Бирок бул жалпы секторду өнүктүрүү үчүн жетишсиз. 4 шарт түзүлүшү керек: административдик, технологиялык, кадрдык жана каржылык. Бул жерде 4 шарттын бирөө гана токтом менен чечилип жатат. Калган шарттарды да түзүп берүү керек».
Министрлер кабинети быйыл айыл чарба тармагын колдоого жалпы 35 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлөрүн маалымдаган. Кабыл алынган жаңы антикризисттик программада айыл чарба тармагына 26 млрд сом каралган. Андан тышкары өкмөт айыл чарба техникаларын сатып алууга 199 миллион 390 миң сом өлчөмүндө насыя бөлүп берерин билдирген.