Марал Радиосу

Ош: 320 млн сомго бааланган 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасы жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүп, анын натыйжасында 320 млн сомго бааланган 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги айдоо жерлер райондук «Кадастр» ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жер тилкесине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтер жараксыз деп табылган. Ал боюнча сотко доо арыздар келтирилип, баасы 320 млн сомду түзгөн 127,0 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. 

Exit mobile version