Токмок шаарында катуу шамал мектептин чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
29-март күнү саат 15:35 чамасында болгон катуу шамал Комсомольская көчөсүнүн №77 дарегинде жайгашкан №1 орто мектептин болжол менен 91 чарчы метр спорт залынын тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен.
Жабыркагандар жок. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, калыбына келтирүү Токмок шаарынын мэриясына жүктөлдү.
Ушул эле күнү Аламүдүн районунда саат 15:10 чамасында Чугуев көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан дөңгөлөк желимдөөчү жайынын (вулканизация) тунике менен жабылган чатырын шамал учуруп, электр зымына илинип калган. Жабыркагандар жок.