Марал Радиосу

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 14 учур жаңы катталды

Кыргызстанда 30-мартка карата 14 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 11и Бишкек шаарында, 3 учур Чүй облусунда катталды.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 200 миң 923 адамга коронавирус жукту.

Акыркы суткада эки бейтап каза болуп, ушуну менен жалпы өлүм учурлары 2 миң 988ге жетти.

Соңку суткада 13 адам илдеттен сакайып чыкты, ооруну жеңгендер 196 миң 206ны түздү.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 88 бейтап, үй шартында 57 адам дарыланууда.