Марал Радиосу

Исманкуловдун клиникасы жайгашкан оорукананы оңдоо иштери башталды

Бүгүн, 29-марттан тарта Бишкек шаарындагы №2 көп тармактуу клиникалык оорукананын сыртын жаңылоо иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрлик маалымдагандай, учурда жаңылоо иштери №2 корпусунда жүрүп жатат. Ал 10-15 күндө аяктап калат.

Айта кетсек, бул ооруканада Алмазбек Исманкуловдун Көз микрохирургиясы жайгашкан. Жеке клиника Бишкек мэриясынан келишимди токтотуу тууралуу кат алганына карабай, имаратты өткөрбөй жатышканы айтылат маалыматта.

Бул корпус кеңейтилип, неврология, терапия, кардиология бөлүмдөрү да ачылып, бейтаптарга жардам көрсөтүү пландалган.