Марал Радиосу

КГУСТАнын Балыкчы колледжи мамлекетке 2 млн сом зыян келтирген

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык прокуратурасы калаадагы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы колледжге текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдөн белгилүү болгондой, 2018-жылы колледждин директору Б.Г. кызмат абалынан кыянат пайдаланып, окуу жайдын жер тилкесин жана окуу имаратынын үчүнчү кабатын «А.Д.» ЖЧКсына 5 жылга ижарага берген. Андан түшкөн акчаны колледждин кассасына которбой, жеке кызыкчылыгына жумшап келген. Мындан өлкө казынасы 2 млн 83 миң 905 сом зыян тарткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.