Марал Радиосу

Бишкек: Бирөөнүн мүлкүн тартып алган прокурордун жардамчысы камалды (видео)

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Т.Н.Ж. 26-мартта кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн билдирди.

Маалым болгондой, прокурордун жардамчысы Т.Н.Ж. жакын тууганы Л.Р. аттуу аялдын карызын өндүрүп берүү үчүн У.С. аттуу жарандын 35 миң доллар турган жүк ташуучу унаасын тартып алган. Андан соң У.С.дан 30 миң доллар берүүсүн же кыймылсыз мүлктөрүнүн бирин Л.Р.га каттатуусун талап кылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө прокурордун жардамчысы карыз болуп калган жаран У.С.нын үйүн тууганына мыйзамсыз каттатып бергени боюнча документтик далилдер алынган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козголуп, шектүү Т.Н.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө жүрүп, шектүүнүн башка да иштерге тиешеси бар же жогу иликтенип жатканы айтылды.

Exit mobile version