Марал Радиосу

29-мартта күндүн табы көтөрүлөт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +13…+15 градус болот.

Exit mobile version