Камакта жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровдун өзү жөнүндө айткандарына жооп берди.
Буга чейин Жапаров Алмазбек Атамбаевди сотко келүүдөн качпоого чакырган.
Атамбаевдин каты «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.
«Президент Садыр Жапаров жакында мен жөнүндө мындай деп жазыптыр: «Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар… Мен… соттон качкан эмесмин», — деп.
Эми жооп бербесем болбой калды окшойт, Садыр иним. Иним дегенге таарынба, кыргыздар кичүүгө ушинтип кайрылат. Буга чейин да мен жөнүндө бир топ ушак сөздөрдү сүйлөдүң эле. «Атамбаев самолёт менен тонналап алтын алып кеткен; Атамбаев кыйнап, абактан кекиртегимди кестим; Атамбаев тынч митингге октябрда кол салды; Атамбаев өзүн өзү тапанчадан жан сакчысына аттырды». Ушу сыяктуу далай сөз айттың. Баарына чыдап отургам, жооп бербей он жылдан бери. «Али жаш, ачууга алдырып жатат, адашып жатат» деп. Эми бирок президент болдуң, уят болот мындан ары да калп айта берсең!
Эсимде бар, 2018-жылы мага «Форумга» сенин абаң Сабыр келип, сенин ишиң жөнүндө бир топ сүйлөшкөнбүз. Караколдогу окуянын майда-чүйдөсүн, сени ошондо кайсы досуң да алдыга түртүп коюп, анан сатып кеткенин айтып берген. Анда «иниңди колдоп берейин, абактан чыгаралык» деп макул болгом. Ошондо Сабыр: «Уруксат бериңиз, сизди биз митингдерде шыбайлык, Сокеге жагат экен, эптеп инимди абактан чыгаралы», — деп суранган. Сенин башка колдоочуларың да келип жатты «Форумга».
Соке октябрдагы митингден кийин бийликке кайра келип, кетпейм деп тырышканда да, мен элге, тарапташтарыма кайрылгам, кат жөнөткөм: «Садырды колдойлук, эптеп Сокени кетирелик», — деп. «Садыр көп кыйынчылык көрдү, баарын түшүндү», — деп айткам. Акыркы бир жарым жылдан бери да «бийликке жаңы эле келди, баарын түшүнөт, Кудай туура жолго салат» деген үмүтүм бар болчу. Бирок, ал үмүт күндөн күнгө өчүп баратат.
Садыр иним! Мен соттон качкым келсе, мага биринчи иш козголгондо эле 2018-жылы качып кетмекмин. Ошондо атайын самолёт келгенде мен аны менен Москвага учуп барып, досторума ырахмат айтып, «мен качып кетсем болбойт, уят болот» деп, кордук көрүп, камаларымды билсем да, кайра учуп келгем Кыргызстанга. А сен болсо, Садыр иним, 2013-жылы Караколдогу чуулгандуу окуя боюнча иш козголгондо, соттон коркуп, тарапташтарыңды таштап качып кеткенсиң чет элге. Анан мен бийликтен кетерде 2017-жылы кайра келип, соттолуп кеттиң. Соттун өкүмүн аягында Жогорку Сот бекиткен. Бирок, мен ага чейин эле кызматты жаңы президентке өткөрүп кеткем.
Сеники да туурадыр, мүмкүн сага коюлган киненин баары жалгандыр. Мен өзүм да көрдүм прокурор, соттордун адилетсиздигин, бети жоктугун! Анда ошо кездеги сени соттогон прокурор, тергөөчү, сотторду бийлик өз колуңда турганда териштир да! Сени 11 жылга абакка кескен райсот Каипов мага да дал ошондой өкүм чыгарбадыбы! Күлкүң да келет, ойлосоң! Ошондон баштабайсыңбы туура эмес кесилген болсоң?
Мен соттон качкан жокмун. Ден соолугума байланыштуу «отурумду мен жок эле өткөргүлө» деп, ар бир жолу арыз жазып берип жатам сотко. Анын үстүнө прецедент бар. Батукаевдин иши шаардык сотто жана Жогорку Сотто мен жокто эле каралып, чечим чыгарылган. Соке кезинде да, сенин кезиңде да, Садыр иним. Башка сотторду деле ошентип эле өткөрө бергиле да? Мен сурак же сотко барганда деле эчтеке өзгөрбөйт, анткени бир да суроого буга чейин жооп бере элекмин жана да бербейм. Протоколдорду кара, ишенбесең. Ансыз деле сен мени 11 жылга абакка кестирдиң. Менин жашымда бул деген «ПЛС — пожизненное лишение свободы» дегенге барабар. Бирок, баары бир мени дагы эле кордогуң келет окшойт, абакта да тынч койбой!..
Садыр иним! Кыргызда «уялбагандан өзүң уял» деген сөз бар. Сен уялбасаң, мен уялып жатам акыркы сенин жоруктарыңа. Мени карда жыңайлак сүйрөп жүргөн офицерлер, аны карап турган плацтагы адамдар уялып, жер карап жүрөт азырга чейин. «Буйрук түздөн-түз Садырдан келген» деп шыбырашат мага…
Баарыңар билип алгыла! Мени кандай кордосоңор да, баары бир сындыра албайсыңар! Мен башкаларга окшоп арыз жазбайм ырайым сурап. Ырайымды күнөөсүн мойнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары тең чындыкка дал келбейт. «Высосаны из пальца», орусча айтканда. Мезгил аны далилдейт. Мага жашоодон да, намыс артык. Абактан өлсөм да, өз жеримде, Кыргызстанда өлөм. Элим узатып коёт акыркы сапарга…
Садыр иним! Эртели-кеч бир күнү баарыбыз элдин, тарыхтын, Кудайдын сотунда жооп беребиз! Ошондон коркуу керек.
Сен абактан демократия деп кыйкырып, бийликке келгенде эле дароо Кокон хандыгын куруп баштадың. Туркменияда убагында түркмөнбашы болсо, бизге эми кыргызбашы болгуң бар. Бирок, биздин эл башка. Элибиз бардык кыйынчылыкка чыдайт, бирок адилетсиздикке, зулумдукка чыдабайт. Ошону унутпа, Садыр иним! Сокеге окшоп мага асылбай, күчүңдү мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумша. Чек ара, жакырчылык, жана башка проблемалар толтура. Элди алдайм дегендер өздөрү алданат! Мөөнөтүң көралбастык, өч алуу, майда-чүйдө иштер менен билинбей өтүп кетпесин. Алдыңда далай максат турат. Майдаланба. Президент айкөл болушу керек. Бул жалган дүйнөгө алданба. Жараткан сага туура жол көрсөтсүн, жардам берсин! Элибизге, жерибизге ынтымак, берекет берсин!!!»
Алмазбек Атамбаев 65 жашта. Президент кезиндеги таасирдүү сүрөттөр