Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2022-жылга карата битир-садаканын баасын бекитти.
Муфтият садака-битир берген учурда 1 кг 600 грамм буудайдын, ундун, мейиздин же 3 кг 200 грамм арпанын, курманын баасына көңүл бурууну эскертет.
Быйылкы Орозо айында бериле турган битир-садака 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын учурдагы базар баасы 56 сомдон эсептелди.
Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (1 кг 600 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Мейиздин учурдагы баасы 717 сомду, ундун баасы 56 сомду, арпанын баасы 103 сомду, курманын баасы 596 сомду түздү.
Ар бир мусулмандын байлыгы зекет бере турган өлчөмгө жетип, анын кармалып турганына бир жыл толсо, ал адамга зекет берүү парз болуп эсептелет. Зекет алтындан, күмүштөн, жүгүртүүгө чыкпаган (сакталып турган) нак акчадан, уй, төө, кой-эчкиден, ар кандай товардан (соода-сатык үчүн алынган буюмдар) алынат.
Буга байланыштуу муфтият зекеттин быйылкы өлчөмүн бекитти.
Зекетке байлыктын кырктан бири, тагыраагы, 2,5%ы берилет.
Уютулган алтын (зер буюм эмес) же күмүш 20 мыскалдан ашканда зекет берилет. 20 мыскал алтын болжолдуу 85 граммды түзөт. Ал эми күмүш болжолдуу 612,36 грамм болот. Кыргызстанда 1 грамм уютулган алтындын орточо наркы 3300 сом, ал эми уютулган күмүштүн 1 граммы 68 сом.
Жыйынтыгында, 585-пробадагы 20 мыскал алтындын орточо баасы 280 миң 500 сом деп эсептелип, анын кырктан бири 7 миң 13 сом болот (АКШ валютасы менен эсептегенде 2 миң 862 доллар болуп, анын кырктан бири 72 доллар).
20 мыскал уютулган күмүш 41 миң 641 сом деп эсептелип, анын кырктан бири 1041 сом болот (АКШ валютасы менен 425 доллар болуп, кырктан бири 10,7 доллар).