Марал Радиосу

COVID-19: Дагы бир бейтап каза болуп, 13 учур жаңы катталды

Кыргызстанда 28-мартка карата Бишкек шаарында 13 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 200 миң 892ге жетти.

Акыркы суткада бир адам каза болду, жалпы өлүм учурлары 2 миң 985ти түздү.

Соңку суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, ооруну жеңгендердин жалпы саны 196 миң 181ге жетти.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 92 бейтап, үй шартында 50 адам дарыланууда.

Exit mobile version