Марал Радиосу

Бишкекте кулаган курулуштун дубалы коңшу турак жайды басып калды

Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульварында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы жанындагы үйдүн чатырына кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 1958-жылкы аял жабыркаган. Жеринен медициналык жардам берилип, жабырлануучу ооруканага баргандан баш тарткан.

Азыркы учурда чыгымдарды эсептөө боюнча комиссия түзүлүп жатат. Бардык чыгымдарды куруучу компания мойнуна алат. Комиссия тарабынан компаниянын жоопкерчилиги да каралат.

Exit mobile version