Марал Радиосу

Эл каттоо: Маалыматтарыңыз уурдалбаш үчүн этият болуңуз

Кыргызстанда 25-марттан тарта калкты жана турак жай фондун каттоо башталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматкери Махтумкули Макешов азыркы тапта ар кандай шылуундар, алдамчылар бар экенин эскертип, жарандарды толук маалымат алгандай кийин каттоодон өтүүгө чакырат.

«Каттоо иштери аз эле убакытты алат. Эл каттоо деген өнөктүктү жамынып алып, өз кызыкчылыгына пайдаланып кеткендер да болушу мүмкүн. Эгерде сиздин үйүңүзгө каттоочу келсе, анда күбөлүгүн талап кылышыңыз керек. Күбөлүккө райондук, шаардык, айылдык башчылардын мөөрү басылат. Ошондой эле QR-код аркылуу каттоочунун анык экенин текшерип алсаңыз болот. Ал эми улуу муундагы инсандар үчүн 1612 номуру аркылуу сурап билгенге болот. Чындыгында эле каттоочу экенин билип, анан катталыңыздар».

Каттоо 3-апрелге чейин өткөрүлөт. Ал эми алыскы аймактарда өнөктүк 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Каттоонун алдын ала жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы жылдын аягында жарыяланат.

Exit mobile version