Марал Радиосу

Орозонун башталышы 28-мартта аныкталат

Рамазан айынын качан башталары 28-мартта белгилүү болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдиргенин  «Азаттык» радиосу жазды.

Ошондой эле жогорудагы көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экендигин эскертти.

Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Exit mobile version