Марал Радиосу

27-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 27-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз +5…+10;

Талас облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз +4…+9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 3…+8, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 0…-2, күндүз +3…+7;

Бишкекте түнкүсүн мезгили-мезгили менен жамгыр жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз +8…+10 градус болот.

Exit mobile version