Марал Радиосу

Украинадагы согушта дагы бир теги кыргызстандык каза болду

Украинада болуп жаткан согушта дагы бир теги кыргызстандык 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Рустам Зарифулиндин сөөгү кичи мекенине – Кара-Балта шаарына түндө алынып келинди. Маркумдун атасынын айтымында, уулу 2016-жылы Орусиянын Свердлов облусуна кетип, жарандыгын алган. Ал жерде алгач аскерге чакырылуучу катары, кийин келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.

Рустам Зарифулин 2022-жылдын 14-мартында Украинанын Изюм шаарында каза болгон. Анын сөөгүн тосуп алууга жакындары, Орусиянын Канттагы аскер базасынын жетекчилиги катышты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-мартта Чүй облусунун Жайыл районунда болот.

Бул Украинада кыргызстандык жарандын өлүмү тастыкталган экинчи окуя. Буга чейин Ысык-Көл облусунун тургуну Эгемберди Дорбоев каза болгону  маалым болгон. Анын сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.

Орусия Украинага “аскердик операциясын” 24-февралда баштаган. Украинада бир нече шаарлар талкаланып, 3 миллиондон ашык жайкын тургун өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда.

Exit mobile version