Марал Радиосу

Кыргыз ишкерлери Украинадагы бизнесин токтотту

Тилекке каршы, Украиндагы кыргыз ишкерлеринин баары кырдаалга байланыштуу ишин токтотту. Бул тууралуу Украинадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азамат Исмаилов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Украина мамлекетине керектүү, стратегиялык товарларга валютаны четтен алып келүүгө уруксат берип жатышат. Ал эми себепсиз эле валютаны алууга, соода кылууга мурункудай мүмкүнчүлүк жок.

Исмаиловдун айтымында, бизнести улантууга коопсуздук жактан мүмкүн эмес болчу. Каалоочулар уланта берсе болмок, бирок бул өтө кооптуу экенин баары көрүп турушат.

Буга байланыштуу Украинадагы кыргыз ишкерлердин дээрлик баары бизнесин таштап, чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Ал согуш бүткөн соң, ишкерлер кайра кайтып, бизнесин улантаарын айтты.

Exit mobile version