Марал Радиосу

Салык кызматынын төрагасынын орун басары алмашты

Исламбек Кыдыргычов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бүгүн, 25-мартта Каржы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов аны жамаатка тааныштырды.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын башка буйругуна ылайык, Руслан Сүйналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин Исламбек Кыдыргычов Президенттин аппаратында иштеп, Салык жана бажы саясатынын маселелерин көзөмөлдөп келген.

Exit mobile version