Чек ара кызматына жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы техникалар берилди. Аны тапшыруу салтанаты 25-мартта Бишкектеги Эски аянтта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү.
Президенттин айтымында, зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, «Тигр» үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон автоунаалар жана башка курал-жарактар сатып алынууда.
Садыр Жапаров буга чейин жалан гана гранттардын эсебинен жардам катары эски техникалар келип турган болсо, эми мындан ары заманбап, жаны техникалар сатып алынарын маалымдады.
«Бул жерден мен расмий түрдө айтып коюшум керек, тизмектелип өткөндөрдүн баарын мамлекеттик бюджеттин эсебинен, тагыраак айтканда, буга чейин адат болуп калган мурда колдонулган эски техникаларды эмес, жаны техникаларды сатып алып жатабыз», — деди Жапаров.
Өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7,5 млрд сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн 3 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 млн доллардан ашык акчага 58 өрт өчүрүүчү унаа алынды. Былтыр да Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте инженердик 85 техника алынган.
«Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине быйыл бюджеттен 300 млн сомдон ашык акчага элдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган техникаларды жана 2 миллиондон ашык еврого тик учак алганы турабыз», — деди Жапаров.