Марал Радиосу

«Өзгөн» музейи «Сулайман-Тоо» комплексинин карамагынан чыгарылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечим менен «Өзгөн» археологиялык-архитектуралык музейи мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу болуп кайра түзүлдү.

Чечим тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана туризмди өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин «Өзгөн» музейи «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин карамагында болуп, өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып келген.

Өзгөн архитектуралык комплекси бир мунара, үч мавзолейден туруп, курулушу XI-XII кылымдарга таандык экени айтылып келет.