Марал Радиосу

Токаев май айында Кыргызстанга алгачкы расмий сапарын жасайт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келүүнү пландап жатат.

Бул анын Кыргызстанга жасаган алгачкы иш сапары болуп саналат.

Белгилей кетсек, Бишкекте Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна арналган тегерек стол өтүп жатат.

Анда мамлекет башчылары тарабынан берилген тапшырмалар толугу менен аткарылганы, 2021-жылы пандемияга жана дүйнөлүк кризиске карабастан Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда соода көлөмү 1 млрд долларга жеткени айтылды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга чакырган болчу.