Марал Радиосу

Кыргызстандын жаш футболчулары Казакстанга утулуп калды

Кечээ, 24-мартта Талгар шаарында Кыргызстандын 20 жаштагы футболчулары Казакстандын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Мелдеш жабык эшик артында болуп, ал 0:2 эсебинде Казакстандын жеңиши менен аяктады.

Эртең 26-мартта Кыргызстандын 19 жашка чейинки футболчулары Казакстан менен дагы бир беттеш өткөрөт.

Бул мелдештер ушул жылдын күзүндө боло турган Азия Кубогуна тандоо оюндарына даярдануу максатында өткөрүлүп жатат.