Кыргызстанда доллар дагы арзандады. Бир сутка ичинде сомго карата Улуттук банк аныктаган расмий курсу 2,96%га төмөндөдү.
Кечээ, 24-мартта расмий курс 99,4 сом деп аныкталган болсо, 25-мартка карата 96,5 сомго түштү.
Доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде эле 21 сомго жогорулап, 106 сомго чейин көтөрүлгөн.