Бишкектеги 115 дүкөндө Материалдык резервдер фондунан алынган товарлар сатылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Дүкөндөрдүн 43ү Ленин районунун, 26сы Свердлов районунун, 27си Биринчи Май районунун, 19у Октябрь районунун аймагында жайгашкан.
Материалдык резервдер фондунан Бишкек шаары үчүн 200 тонна кумшекер, 80 миң литр өсүмдүк майы бөлүнгөн. Учурда 52 миң 620 литр май, 128 тонна 200 кг кумшекер сатылганы белгилүү болду.
Өсүмдүк майынын баасы 130 сомдон, кумшекердин баасы 70 сомдон сатылып жатат.