Ош облусунун Кара-Суу районуна жүргүзүлгөн атайын текшерүүнүн жүрүшүндө жасалма аракка колдонулуучу суюктук табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда атайын унаа токтотулган. Анын багажында 2 желим идишке куюлган 1500 литр спирт жыттуу суюктук болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, бул өндүрүм спирт чыгаруучулардын бири тарабынан жеке адамдарга берилген. Алар мындан кустардык ыкма менен контрафактылык арак жасашары белгилүү болгон.
Алынган товар УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилген. Бул факты боюнча мыйзамга ылайык териштирүү жүргүзүлүп, атайын чаралар көрүлөрү айтылат маалыматта.