Марал Радиосу

Украина орус армиясы бир айда 15 миң 600 аскеринен айрылганын айтты

Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 24-февралдан 23-мартка чейинки аскердик операцияларында орус армиясынын жалпы жоготууларын жарыялады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Орусия болжолдуу 15 миң 600 адамынан, 517 танкасынан, 1578 брондолгон техникасынан, 267 артиллериялык системасынан, 80 ракетасынан, 47 абадан коргонуу системасынан, 101 учагынан, 124 тик учагынан, 1008 автомобиль жабдуусунан, 4 кемесинен, 70 күйүүчү май ташыган унаасынан, 42 дронунан айрылган.

Мындан тышкары Украинада 900дөн ашуун жай тургун каза тапканы айтылууда.

Exit mobile version