Марал Радиосу

Монголияда таттуу суусундуктарга чектөө киргизүү каралууда

Монголия парламентинин депутаттары «Ашыкча таттуу суусундуктарды колдонууну азайтуу жөнүндө» мыйзам долбоорун жазып, жалпы жыйынга сунушташты.

Маалыматта: «Кант диабети — биздин өлкөдө эң курч көйгөйлөрдүн бири. Акыркы жети жылда 7-11 жаштагы балдардын семирүүсү жети эсеге өстү. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму канттуу суусундуктарга чек коюлбаса, кесепети оор болорун эскертти. Узак мөөнөттүү натыйжа бере турган мыйзам киргиздик. Ден соолук мыйзамдары 10-15 жылда өз жыйынтыгын берет. Ошондуктан мыйзам сунушталууда. Ал монголдордун саламаттыгын сактоо максатында жазылды», — деп айтылат.

Мыйзам кабыл алынса, 2024-жылдын 1-январында күчүнө кирерин депутат С. Одонтуяа журналисттерге кабарлаган.

Exit mobile version