Connect with us

23-мартка карата евро кымбаттап, доллардын курсу арзандады

Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 1172 | 0

Кыргызстанда бир сутка ичинде евро кымбаттап, доллардын курсу бир аз түшүп, алтын куймалары арзандады. Ал эми күйүүчү-майлоочу майдын баасы өзгөрүүсүз калды.

Учурда көпчүлүк банктарда доллардын курсу 99 сомду түзүүдө. Сатуу 99,1 сомдон, сатып алуу 96,24 сомдон жүргүзүлүүдө.

Евронун сатып алуу курсу 46 тыйынга, сатуу курсу 49 тыйынга кымбаттады. Ошондой эле рубль менен теңгенин курсу бир аз төмөндөдү. Бензин, дизель майлары мурдагы баасында сатылууда.

Ошондой эле алтын куймалары арзандап, бир граммы бүгүн 8063 сом болсо, кечээ 8314,5тен сатылган (баасы 251,5 сомго арзандады).

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM