Марал Радиосу

Ысык-Көлдө баңгизат сатуучу кылмыш үстүндө кармалды

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун тургуну баңгизат сатып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Түп райондук милициясына айылдарынын биринин тургуну баңгизат даярдап, сатып жүргөнү боюнча маалымат түшкөн.

Факты бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен катталып, иш ачылган. Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү Тасма айылынын 38 жаштагы тургуну Н.Б. экени белгилүү болгон.

Атайын операциянын негизинде шектүү баңгизатын кардарга сатып жаткан жеринен кармалган. Тинтүү учурунда жанынан ширенкенин 21 кутусуна салынган 285 грамм жапайы кара куурайдан даярдалган нашаа табылган.

Каракол шаардык соту айыпталуучуну 2 айга тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version