Марал Радиосу

УКМК: Тажик аскерлери Кыргызстандын чек арачысын сабап салышкан

Тажикстандын аскерлери кыргыз чек арачысын сабап салышкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кыргыз чек ара кызматкери тажик чек арачылары менен чатакташа кеткен.

Кыргыз чек арачысынын башы жарылган, денесинде сыйрылган, көгөргөн жерлери бар. Кийими канга чыланып калган.

Учурда аскер кызматкер ооруканага жаткырылды, абалы канааттандырарлык экени айтылды.

Бул факты боюнча  УКМКнын Чек ара кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.