Марал Радиосу

Таласта жаштар арасында күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Талас шаарындагы «Газпром» спорттук комплексинде 23-марттан 26-мартка чейин жаштар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Чемпионаттын программасы:

Грек-рим күрөшүнөн беттештер 23-мартта саат 11:00дө башталып, алгач 55, 63, 72, 82, 97 кг салмактагылар килемге чыгат.

Ушул эле күнү саат 17:00дө чемпионаттын расмий ачылышы болот.

24-мартта грек-рим күрөшү боюнча 60, 67, 77, 87, 130 кг салмактагылар беттешет.

25-26-мартта эркин күрөш боюнча беттештер башталат. Алгачкы күнү 57, 65, 74, 86, 97 кг салмактагылар күрөшөт.

Экинчи күнүндө 61, 70, 79, 92, 125 кг салмактагылар биринчилик үчүн таймашат.