Марал Радиосу

Футзал: Кыргызстан курамасы Өзбекстан менен беттеш өткөрөт

29-30-март күндөрү Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Ташкентте Өзбекстандын курама командасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Андан тышкары 4-апрелде Бишкекте Тажикстан менен Кыргызстандын сынактык оюну болот.

Оюндар 10-12-апрелде Бишкекте өтө турган Азия Кубогуна тандоо этабына даярдык көрүү максатында уюштурулган.

Кыргызстан турнирдин финалдык баскычына чыгуу үчүн «А» тайпасында Иран, Түркмөнстан жана Мальдив командалары менен беттешет.