Президент Садыр Жапаров Баткендеги Нооруз майрамы учурунда 1 кылым мурун токулган килемди сатып алды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымдады.
Килемдин наркы 50 миң сомго бааланган. Ал муундан муунга өтүп, сакталып келаткан. Нооруз майрамынын урматына атайын көргөзмө үчүн алып чыгышкан.
Кечээ, Баткен облусунда Нооруз майрамы өлкө башчынын катышуусунда өттү. Анда атайын көргөзмөлөр да уюштурулду.