Марал Радиосу

«Быйыл да сугат суу тартыш болушу мүмкүн»

Бүгүн — бүткүл дүйнөлүк суу күнү. Таза суунун маанисин белгилөө жана суу ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча маалыматты жогорулатуу максатында жыл сайын 22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү белгиленет. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы жарыяланган. Дүйнө калкынын жана өнөр жайдын тынымсыз өсүп жатканына байланыштуу жыл сайын суу булганып, азаюуда. Кыргызстанда таза суу жана сугат суу жаатында көптөгөн көйгөй бар. Маселени чечүүдө кандай аракеттер жасалууда? Алдыда кененирээк токтолобуз.

2021-жылдын жай айы кургакчыл болуп, дыйкандар жер сугарууда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушту. Айрыкча, Чүй облусунда түшүм болжолдон бир топ эле аз алынды. Ага климаттын кескин өзгөрүшүнөн тышкары арык-каналдардын толук оңдолбогону да себеп болгону айтылды.

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдылбай Жайлообаев быйыл да көйгөй жаралбашы үчүн бюджеттен 163 млн сом бөлүнүп, оңдоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

«Биздин балансыбызда болгон суу сактагычтарды аракет кылып толтуруп жатабыз. Башка да насостук станцияларды, скважиналарды оңдоо иштери жүрүп жатат. Былтыркыга салыштырмалуу бул иштер көбүрөөк жасалууда. Быйыл 10-январда бюджеттен 163 млн сом бөлүндү. Алдыда дагы экинчи транш менен акча бөлүнөт. Былтыр ноябрь айында кошумча 100 млн сом бөлүнгөн. Биздин балансыбызда болгон 115 насостук станциянын 64үнүн агрегатын алмаштырдык. Өлкө боюнча 28 миң километрден ашык ички канал бар. Анын 6 миңге жакыны биздин баланста, 21 миңге жакыны суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА), калгандары айыл өкмөттөрдүн карамагында. Ошол  ички каналдарды да өкмөттүн тапшырмасы менен тазалоо жүрүп жатат». 

Абдылбай Жайлообаев ошондой эле жер астындагы сууларды пайдалануу максатында СССР убагында курулган скважиналарды оңдоо, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Калкка таза суу чыгарып берүү үчүн жыл сайын бюджеттен 400-500 млн сом бөлүнөт. Бул сумма жетишсиз болгондуктан чет өлкөлүк донорлордон насыя жана гранттар алынат.

Негизи суу маселесине Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС), Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду көңүл буруп, каржылап, долбоорлор аркылуу айыл аймактарга суу чыгарып берип келишкенин Суу департаментинин өкүлү Шамшиддин Халов билдирди.

Анын айтымында, аймактарга таза суу чыгаруу долбоорунда 2026-жылга чейин 715 айылга суу киргизүү каралган.

«Азыркы тапта бизде таза суу менен камсыз кылууга 50 миллиардга жакын сом бөлүнүп, жумшалып жатат. Биздин эң негизги максатыбыз: долбоорлорду ишке ашырып, андан кийин курулуп бүткөн системалар узак мөөнөттө иштеп кете ала тургандай, элге пайда алып келе тургандай шарттарды түзүп берүү. А эгерде курулуп берилген системалар иштетилбей, ошол бойдон кала турган болсо, көп убакыт өтпөй жарылып, жарактан чыгат. Бизде айрым учурларда ушундай болуп калууда. Канчалаган акча текке кеткендей болуп жатпайбы». 

Шамшиддин Халов билдиргендей, быйылкы жылдын эсебинен азырынча 100 миллион сом бөлүнгөн, жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 500 миллиондон ашары пландалууда. Быйылкы планга республикалык бюджеттен 103 айылга суу тартууга 86 объект каралган.

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суунун азайып-көбөйүүсү 10-12 жылда кайталанып туруучу көрүнүш экенин эколог Жээнбек Куленбеков айтат.

Анын пикиринде, жаан-чачындын жана кардын жаашы да суунун көлөмүнө түздөн-түз таасирин тийгизгендиктен, быйыл да суу тартыш болот.

«Менин өзүмдүн изилдөөлөрүмө таянып айта турган болсом, суу дагы деле тартыш болот. Себеби «маловодия» деген убакыт жүрүп жатат. Бул мезгил өтүп кеткенге чейин дагы бир канча жыл керек. Суу тартыштыгы акыркы 4 жылда башталды, бул мезгил өтүп кетиши үчүн алдыда дагы 4-5 жыл бар. Ошол убакыттан өткөнгө чейин тартыштык боло берет. Былтыркыдай суу тартыштыгы жаралса, мурда СССР учурунда курулган скважиналарды орнотуу керек, экинчиден, кайсы жерлерге суу жетпегенин аныктап, жаңы скважиналарды куруу керек. Бул менен бардык маселе чечилет деп айтпайм, бирок жеңилирээк өтөт». 

Ар кандай оорулардын 85%ы суу аркылуу тарайт. Кыргызстанда таза суу жетпеген 650 айыл өкмөт бар, алар арыктан суу ичишет. Таза суунун жоктугу ар түрдүү ооруларды пайда кылып, ар бир үй-бүлөгө каржылык түйшүк алып келерин серепчи Нурбек Муктар белгиледи.

«Арыктагы суунун сапаты кандай, бул чоң суроо жаратат. Ошондон улам ден соолукка байланыштуу маселелер жаралып жатат. Ден соолук маселелери үй-бүлө үчүн өзүнчө каржылык түйшүктү пайда кылат. Дарылар кымбат. Пандемия башталганга чейин 200 млн долларга дары-дармек импорттосок, азыр 150 млн долларга импорттоп жатабыз. Кыргызстан дары жеген өлкөгө айланып калдык. Ушул маселеге таза суунун жетишсиздиги алып келди. Таза суу жетишсиздигинен ден соолук начарлоодо».

2022-жылы сугат суу маселесинде көйгөйлөрдү болтурбоо максатында өкмөт ирригацияны оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүп берди. Өлкөдөгү ички суу чарба каналдарынын 35%ы гана жарактуу. Мунун 90%дан ашыгы Дүйнөлүк банк аркылуу калыбына келтирилген каналдар болсо, калганы эгемендик алгандан бери оңдоло элек. Каражаттын жетишсиздигинен акыркы 20 жылда бир да канал капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Болгону тазалоо иштери гана жүргүзүлүп турган.

Exit mobile version