Connect with us

Өкмөт айрым товарды экспорттоого чектөө киргизди

Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 272 | 0

Өкмөт айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, Бажы төлөмү алынган товарлар экспорттолбойт.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, буудай, меслин, ун, өсүмдүк майы, кумшекер, күн карама, жумуртка, уй этин ЕАЭБ аймагынан тышкары жактарга экспортоого алты айлык тыюу салынды. Ошондой эле бул азыктарды импорттоодо кошумча нарк салыгы алынбайт.

Мындан тышкары малдын тоютун (чөп, саман сыяктуу), жемин (арпа, сулу сыяктуу) бир да өлкөгө алып чыгууга болбойт.

Буга чейин Орусия Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салган. Орусиянын бул чечиминен кийин Кыргызстанда бул азыктар кескин кымбаттап кеткен.

Эске салсак, Бириккен Улуттар Уюму Украинадагы согуштан улам дүйнөдөгү элүүдөй мамлекетте азык-түлүк кымбаттай турганын эскерткен болчу.  Ошондой эле Орусияга салынган катаал санкциялар Кыргызстанга жана башка мамлекеттерге да таасирин тийгизүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM