22-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус болот.