Марал Радиосу

Эртең Бишкектин айрым аймактарында муздак суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым аймактарында муздак суу болбойт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Эртең, 22-мартта саат 9.00дөн 15.00гө чейин 7-апрель, Анкара, Октябрьская, Менделеев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жана темир жол тилкесинде муздак суу болбойт.

Берилген маалыматта сууну өчүрүүгө шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Бишкек шаарынын мэриясы калкты жана мекемелерди ичүүчү сууну камдап алууну суранат.