Марал Радиосу

Президент иш сапары менен Баткен облусуна барат

Президент Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы иш сапардын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышат.

Ошондой эле, Садыр Жапаровдун Баткенде Нооруз майрамына карата иш-чараларга да катышуусу күтүлүүдө.