Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Аксы районунун Жийде-Бел айылындагы токой бакчага көчөт отургузду.
Токой-бакчанын жалпы аянты 200 гектар болсо, учурда 8 гектарына көчөт отургузулган.
Акылбек Жапаров аймакка электр энергиясын тартып келүү процессин тездетүүнү, скважинаны иштетүү жана тамчылатып сугаруу тутумун ишке киргизүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүнү тапшырды.