Бүгүн, 18-март түшкү саат 12:00гө карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна түшкөн көчкүнүн 19 миң 170 куб метри тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Бир күн мурун Долон ашуусунда 225 миң куб метр көчкү түшүп, жолду бөгөп калган.
Түшкөн кардын бийиктиги 15-20 метр, узундугу 200-250 метрди түзөт.
Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда жол убактылуу жабык, тазаланып жатат.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 25 куткаруучу 11 жүктөгүч, 1 кар түртүүчү техника менен барган.
Сары-Булак жана Бейше-Булак тилкелеринде ИИМ кызматкерлери тарабынан нөөмөт уюштурулган. Алар жылынуучу жайларды уюштуруп, тамак-аш жана керектүү каражаттар менен камсыздап жатышат.