Марал Радиосу

24-мартта аскердик кармашып урушуу боюнча республикалык чемпионат өтөт

24-26-март күндөрү аскердик кармашып урушуу боюнча эркектер жана кыздар арасында республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубунан билдиршти.

Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын, Коргоо министрлигинин, Аскердик кармашып урушуу жана өзүн-өзү коргоо федерациясынын колдоосу менен өтмөкчү.

Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубунда уюштурула турган таймашка өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Аскердик кармашып урушуу боюнча башкы машыктыруучу Чынтемир Аширалиевдин айтымында, жеңүүчүлөргө төш белгилер, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылат. Муну менен катар жобонун негизинде айрым жеңүүчүлөгө «спорттун чебери» деген наам ыйгарылат.