Марал Радиосу

Алты өлкө БУУдан Украина боюнча жыйын өткөрүүнү суранды

Алты өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинен Украинадагы кырдаал боюнча жыйын өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү «Твиттер» баракчасына жазды.

«Улуу Британия, Албания, Ирландия, Норвегия, АКШ жана Франция БУУнун Коопсуздук Кеңешинен Украина боюнча жыйын өткөрүүнү суранды«, — деп айтылат текстте.

Маалым болгондой, жыйын бүгүн, 17-мартта түштөн кийин өтүшү мүмкүн.