Марал Радиосу

Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерди (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Эскерүүгө Министрлер кабинетинин жана Президенттик администрациянын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров катышты.