Марал Радиосу

Western Union 24-марттан тарта Орусия менен Беларустагы ишин токтотот

Western Union тиркемеси 24-марттан тарта Орусия менен Беларустагы ишин токтотот. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 24-мартка чейин Орусия жана Беларустан Western Union системасы аркылуу жөнөтүлгөн бардык трансчек аралык которуулар алуучуларга төлөнөт.

Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө жана бардык өлкөлөрдөн Кыргызстанга которуулар кадимки тартипте улана берет.

«NPO Western Union DP Vostok» ЖЧКсы Кыргызстандагы өнөктөштөрү, тагыраагы, коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерин аткарууну улантат», — деди Улуттук банк.