Марал Радиосу

Аралаш система менен өткөн шайлоонун артыкчылыгы жана кемчилиги

15-мартта БШК тарабынан былтыр ноябрь айында өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо кампаниясын жыйынтыктаган коомдук талкуу өттү. Анда шайлоо жараянында административдик ресурс колдонулбаганы айтылып, эл аралык байкоочулар тобу да шайлоо ачык жана таза өткөнүн белгилешти.

Бирок аралаш системанын кириши менен түшүнбөстүктөн 122 миң бюллетень жараксыз болгон. Ошондой эле бир мандаттуу округдардан шайланууга аялдардын укугу, гендердик тең салмак сакталбаганы сынга кабылды.

Жыйынга саясатчылар, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышып, шайлоого карата өз бааларын беришти.

Буга чейин өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары калктын нааразычылыгын жаратып, элдик толкундоолорго да алып келген. Эгер шайлоо жараяны мындай көнүмүш адатка айлана турган болсо, улуттук коопсуздукка коркунуч жараларын адистер бир ооздон белгилеп келишет.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бул жагдайды эске алып, өткөн шайлоодо административдик ресурс дээрлик жокко чыгарылганын билдирди. Катчы мындан ары шайлоолорду таза өткөрүү салтка айланат деген үмүттө.

«Мамлекеттик кызматкер, жетекчилердин баары эле «муну шайлатасың», «мобу кишиге ыктайсың» деген тапшырмаларды берип отуруп, аягы элдин ишениминен кеткен. Жыйынтыгында эл шайлоого да, бийликке да ишенбей калган. Анын аягы элдик толкундоого, элдин нааразычылыгына алып келип, анан бийлик алмашуу болот экен. Биз бийлик жөнүндө ойлонгон жокпуз. Бийликти эл берип жатат. Биз мамлекет катары, эл катары өнүгөбүз десек, ошону токтотушубуз керек болчу. Өнүгүүгө түздөн-түз жолтоо болуп жаткан процесстин бири шайлоонун таза эмес өтүшү болгон. Биз ошону токтоттук. Мен ойлойм, мындан кийинки шайлоолордо бул кадыресе көрүнүшкө айланат».

Талкууда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов 2021-жылдын ноябрь айындагы парламенттик шайлоо ачык жана таза өткөнүн билдирди. Ал муну эл аралык байкоочу топтордун чыгарган корутундулары күбөлөй турганын айтты.

«Шайлоо ийгиликтүү, керек процедураларга, ЕККУнун талаптарына шайкеш өттү. Муну эл аралык байкоочулардын корутундусу күбөлөйт. Жалпысынан демократиялык коомду куруу принциптерине ылайык келди десек болот. Бир эле мамлекеттин эмес, жарандардын кызыкчылыгында ачык, таза жүрдү. Себеби биринчи кезекте шайлоо добуш берип жаткан жарандардын кызыкчылыгына дал келиши керек».

Коомдук, саясий ишмер Перизат Суранованын пикиринде, шайлоодо аралаш системанын кабыл алынышы кайсы бир деңгээлде аялдардын жана майыптардын укугун чектеди. Бир мандаттуу округдан бир да аял талапкердин шайлоодо өтпөгөнү буга далил.

«Чындыгында эле ноябрь айында болуп өткөн шайлоо муну тастыктады. Анткени бир мандаттуу система менен катышкан талапкер айымдардын бири да мандатка ээ болгон жок. Бул — абдан терс көрүнүштөрдүн бири. Анткени биз бул багытта ондогон жылдар эмгек кылганбыз. Айымдар чечим кабыл алуу жерлеринде сөзсүз болушу керек. Парламентте сөзсүз айымдардын үнү болушу керек. Албетте, аралаш система менен партиялар аркылуу бир нече аялды өткөрдүк. Бирок жалпысынан алганда бул көрсөткүч төмөн».

Шайлоодон кийин БШКнын маалыматтык серверинин үзгүлтүккө учурашы, кол санактын узакка созулушу шайлоочулардын күмөнүн жаратты.

2021-жылы бир эле жылда Кыргызстан бир катар шайлоолорду башынан өткөрдү. Алсак, президенттик шайлоо, референдум, жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке депутат шайлоо. БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаровдун айтымында, жыл соңундагы парламенттик шайлоо Кыргызстандагы соңку саясий процесс болуп калды. Эми БШКнын алдында аткара турган башка тапшырмалар бар.

«Өткөн шайлоонун өзгөчөлүгү деп мен бюллетендерди белгилеп кетет элем. Себеби өзүңүздөр күбө болгондой, бир мандаттуу округдар боюнча эч кандай көйгөй болгон жок. Ал эми партиялык тизмеде жогоруда партиялардын аталышы, андан кийин 54 чарчы болду да. Эл ошол партиянын тизмесиндеги 54 талапкерге добуш берүүдө адашты да. Анын жыйынтыгында 122 миң бюллетень жараксыз болуп табылды. Бирок ошону менен биргеликте Кыргызстан чоң саясий процессти аяктадык десек болот. Алдыда техникалык жактан, маалымат жактан, мыйзам чыгаруу багытында пландар бар. Ошол жумуштарды жасайбыз».

27-февралда №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов округдарына парламенттик кайра шайлоо өткөн. Себеби 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бул округдарда «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып кеткен.

Натыйжада, №27 Биринчи Май округунан  Элвира Сурабалдиева 47,97% добуш алып, мандат тапшырылды.

Ал эми №29 Свердлов округунан Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып алдыга чыккан. Бирок Шайлообек Атазовдун өкүлү Жапаровдун арызынын негизинде БШК 9-мартта Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун караган. Мыйзам боюнча талапкердин добуш сатып алууларга тиешеси бар экени далилденсе, каттоосу жокко чыгарылат. Мындан соң Муртазалиев БШКнын чечимин сотко берерин социалдык тармак аркылуу жасаган кайрылуусунда билдирген.

Буга чейин талапкер Шайлообек Атазов атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап келген.

Exit mobile version