Марал Радиосу

Садыр Жапаров 21 өлкөнүн элчилерин кабыл алды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Кыргызстанда акредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Салтанаттуу азем чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары жана Ардак кароолдун учурашуусу менен башталды.
Андан соң элчилер Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырышты.

Мамлекет башчы элчилерди Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн расмий башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматында  ийгиликтерди каалады.

«Биз бардык өлкөлөр менен саясий-дипломатиялык байланыштарды, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирип, өнүктүрүүнүн жалпы багытын улантууга чечкиндүүбүз», — деди президент.